Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:57

Министр: ӨКМ аскерлеринин арасында ашыкча салмактуулар көп


Иллюстрациялык сүрөт. ӨКМнын куткаруучулары.
Иллюстрациялык сүрөт. ӨКМнын куткаруучулары.

Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Бообек Ажикеев жакында министрликтин кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү пландалып жатканын билдирип, кайра баалоонун себептеринин бири катары аскерлердин арасындагы ашыкча салмактуулуктан арылуу экенин белгиледи.

“Аттестацияны өткөрүүгө бир нече себеп болду. Мен министр болуп келгенде эле көзгө илингени - аскер кызматкерлеринин көбү ашыкча салмактуу экен. Экинчиси - алардын билим деңгээли бир аз төмөндөп кетиптир”, - деди министр.

Ажикеев ӨКМнын бардык курамы аттестациядан өткөрүлөөрүн айтып, бул кызматкерлердин кесипкөйлүгүн көтөрүүгө жардам болоорун кошумчалады. Министр аттестация боюнча видео кайрылуусун мекеменин “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды.

29-январда Жапаров “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлык чыгарган. Өкмөт башчы Улукбек Марипов бул жарлыкты мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлдеги кадрларды тандоо жана иштетүүнүн системасын жакшыртуу максатында деп түшүндүргөн. Учурда өлкөдө район акимдерин кайра баалоо жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG