Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Бообек Ажикеев жакында министрликтин кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү пландалып жатканын билдирип, кайра баалоонун себептеринин бири катары аскерлердин арасындагы ашыкча салмактуулуктан арылуу экенин белгиледи.
“Аттестацияны өткөрүүгө бир нече себеп болду. Мен министр болуп келгенде эле көзгө илингени - аскер кызматкерлеринин көбү ашыкча салмактуу экен. Экинчиси - алардын билим деңгээли бир аз төмөндөп кетиптир”, - деди министр.
Ажикеев ӨКМнын бардык курамы аттестациядан өткөрүлөөрүн айтып, бул кызматкерлердин кесипкөйлүгүн көтөрүүгө жардам болоорун кошумчалады. Министр аттестация боюнча видео кайрылуусун мекеменин “Фейсбуктагы” баракчасына жайгаштырды.
29-январда Жапаров “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлык чыгарган. Өкмөт башчы Улукбек Марипов бул жарлыкты мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлдеги кадрларды тандоо жана иштетүүнүн системасын жакшыртуу максатында деп түшүндүргөн. Учурда өлкөдө район акимдерин кайра баалоо жүрүп жатат. (TSh)
Дагы караңыз
Алматыга жакын жерде алты кишиси бар аскердик учак куладыБаткенде жашырылган баңгизат жана курал табылдыПрезиденттин басма сөз катчысы Сох анклавы жана Үңкүр-Тоо аймагы боюнча кайра маалымат таратты ӨКМ Европа Биримдигинен уу калдыктарын маданий иштетүү үчүн каражат сурады