Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:49

ӨКМ Европа Биримдигинен уу калдыктарын маданий иштетүү үчүн каражат сурады


Майлуу-Суудагы уулуу зат сакталган жерлердин бири. Архив.
Майлуу-Суудагы уулуу зат сакталган жерлердин бири. Архив.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Европа Биримдигинин өлкөдөгү өкүлү Эдуард Ауэр менен жолугуп, Евробиримдик жана Кайра куруу жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган уран калдыктарын маданий иштетүү (рекультивация) долбоорун талкуулашты.

Анын ичинде Майлуу-Суудагы уу калдыктар сакталган жайларды кайра жандандыруу боюнча техникалык-экономикалык негиздөө маселесине токтолушту.

Министр Ажыкеев Майлуу-Суу шаарындагы калдык сактоочу жайларын маданий иштетүү жумуштарына Европа Биримдигинен 30 млн. евро бөлүү мүмкүнчүлүгүн сурады. Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү Эдуард Ауэр маселени карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Кыргызстанда жалпысынан 92 жерде уу калдык сактоочу жай бар болсо, анын 36сы Майлуу-Сууда жайгашкан. Алардын 23үндө уран, калганында радиактивдүү тоо тектеринин жыйындылары, оор металлдар, цианид бар. Уу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт. 2004-жылы Майлуу-Сууда зыяндуу заттарды коопсуз жакка көчүрүү жана ал жерлерди тазалоо, заманбап технологиялар менен калдыктарды жок кылууга багытталган долбоор ишке киришип, Дүйнөлүк банк ага 11 миллион доллар бөлгөн.

Мурдагы Советтер Биримдигинде "москвалык камсыздоого" алынган Майлуу-Сууда уран казып алуу иштери 1946-жылы башталып, 1966-жылга чейин созулган. Иштетилген уран жана башка уу калдыктар да ушул мезгил аралыгында көмүлгөн.

АКШдагы Blacksmith Institute экологиялык изилдөө мекемеси 2013-жылдагы иликтөөсүндө Майлуу-Сууну дүйнөдөгү эң булганган он шаардын катарына кошкон. (TSh)

XS
SM
MD
LG