Баткенде жашырылган баңгизат жана курал табылды

УКМК тараткан сүрөт.

Баткен районунда баңгизат жана курал-жарактар, ок дарылар сакталган жер аныкталып, бул ишке тиешеси бар кишилерди аныктоо аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

“Жашырылган жерден мылтыктын 5,45 жана 7,62 мм. калибрдеги 37 даана ок жана жалпы салмагы 250 граммдан ашык марихуана жыттанган зат табылды”, - деп билдирди атайын кызмат.

Факт боюнча 11-мартта Жазык кодексинин 253-беренеси (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Табылган буюм, заттар экспертизага жиберилди.

Баткен - Тажикстан, Өзбекстан менен чектешкен аймакта жайгашкан облус. (TSh)

Дагы караңыз

Алматыга жакын жерде алты кишиси бар аскердик учак куладыПрезиденттин басма сөз катчысы Сох анклавы жана Үңкүр-Тоо аймагы боюнча кайра маалымат таратты ӨКМ Европа Биримдигинен уу калдыктарын маданий иштетүү үчүн каражат сурады