АКШ Иранды уурдалган экс-агент боюнча "ишенимдүү маалымат" берүүгө чакырды

Боб Левинсонду 2007-жылдан бери издеп жатышат

АКШ Иран өкмөтүн Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) мурдагы агентинин тагдыры тууралуу “ишенимдүү” маалымат берүүгө үндөдү.

“Кошмо Штаттар Боб Левинсонду эч качан унутпайт”, -деди Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен 9-мартта. Ал күнү экс-агенттин дайынсыз жоголгонуна 14 жыл болду. Роберт (Боб) Левинсонду 2007-жылдын мартында Ирандын Киш аралындагы курорттон уурдап кетишкен. Ошол маалда ал Борбордук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ) менен келишимдин негизинде кызматташып жатканы кабарланган.

Вашингтон Иранды Левинсонду табууга жана мекенине кайтарууга жардам берүүгө үндөп келатат. Бирок Тегеран анын тагдыры тууралуу эч кандай маалыматы жоктугун айтууда.

Ошол эле маалда экс-агент жоголгондо Иран өкмөтү менен байланыштагы маалымат каражаты ал “Ирандын коопсуздук күчтөрүнүн колунда” деп жазган. Былтыр декабрда АКШнын буга чейинки администрациясы Левинсонду “уурдоого, кармоого жана балким өлтүрүүгө” тиешеси бар деген ирандык атайын кызматтын эки мүчөсүнө санкция салган.

Дагы караңыз

Чавушоглу: Билим берүү жана башка тармактарда ФЕТОго муктаждык жок Мамлекеттик каттоо кызматы: Биометрикалык паспорттор боюнча долбоор 1-майдан тартып ишке киретПашинян Башкы штабдын командачысы кызматтан алынганын билдирдиБишкекте митинг өткөрүүнү чектеген чечимди сот жокко чыгардыКезектеги кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү Тажикстандын Гулистон шаарында өтөтКыргызстан жарандарын алып келүү үчүн Сирияга учак жөнөтөтУКМКнын атына жамынып, 180 миң доллар алгандар кармалдыПарламентте референдум дайындоо жөнүндөгү мыйзамга добуш берилген жок