Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:39

Кезектеги кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү Тажикстандын Гулистон шаарында өтөт


Кыргызстандын жана Тажикстандын ТИМ башчылары Руслан Казакбаев жана Сирожиддин Мухриддин.
Кыргызстандын жана Тажикстандын ТИМ башчылары Руслан Казакбаев жана Сирожиддин Мухриддин.

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги сүйлөшүүсү 16-мартта өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 9-мартта министр Руслан Казакбаев Тажикстандын башкы дипломаты Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрлер Согди облусунун Гулистон шаарында өтө турган жолугушуу ортодогу мамлекеттик чек ара тилкесин тактоо ишин улантууга, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга өбөлгө болорун айтышты.

Мындан тышкары, жакын арада өкмөт аралык комиссиянын 17-жыйынын, Тышкы иштер министрликтеринин консультацияларын өткөрүү, кыргыз тараптын 30-мартта Душанбе шаарында Ооганстан боюнча өтө турган жыйынына катышуу маселелери да талкууланды.

Бир ай мурда Баткендин Баткен жана Жалал-Абаддын Ала-Бука райондорунда Тажикстан менен чектеш аймактарда жергиликтүү тургандар менен коңшу мамлекеттин жарандары ортосунда жерге байланыштуу чыр-чатактар катталган.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казактан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган. Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 процент), андан бери дагы 10 процентке жакыны такталды. (RK)

XS
SM
MD
LG