Орусиянын байланыш, маалымат технологиялар тармагын тескеген Роскомнадзор кызматы "Твиттер" социалдык тармагынын ылдамдыгын азайтуу чаралары көрүлгөнүн билдирди. Мекеме муну менен “орус жарандарын жана интернет кызматын Орус Федерациясынын аймагында мыйзамдарды аткарттырууну” көздөгөнүн түшүндүрдү.
Маалыматка караганда, "Твиттер" "2017-жылдан бери жашы жетелектерди өз жанын кыюуга азгырган, балдардын порногафиясы камтылган, маңзаттарын колдонуу тууралуу маалыматтарды” өз платформасынан алып сала элек. Роскомнадзор "Твиттер" корпорациясы мыйзамга баш ийбесе, мындан ары да катуу чаралар көрүлүп, блоктоп салганга чейин барышарын эскертти.
Twitter азырынча бул маалыматка жооп кайтара элек.
5-мартта Роскомнадзор Facebook, Instagram, Twitter, TikTok, «ВКонтакте», «Одноклассники», Telegram, YouTube социалдык платформаларынын административдик мыйзам бузуулары тууралуу протоколдор түзүлгөнүн билдирген.
Маалыматтарга караганда, "Твиттерди" Орусияда 690 миң адам активдүү пайдаланат.
Дагы караңыз
Чавушоглу: Билим берүү жана башка тармактарда ФЕТОго муктаждык жок Түркияда орус элчисин өлтүрүүгө айыпталган беш киши соттолдуПашинян Башкы штабдын командачысы кызматтан алынганын билдирдиКезектеги кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү Тажикстандын Гулистон шаарында өтөтУКМКнын атына жамынып, 180 миң доллар алгандар кармалдыСадыр Жапаров: Түркия менен бир катар маанилүү маселелер чечилдиБашкы прокуратура блогер Сыдымановго койгон айыбынан баш тартты