Жалал-Абаддагы борбордук көчөлөрдүн бири - Пушкин атындагы көчөгө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин агасы, маркум Каныбек Ташиевдин ысымын ыйгаруу тууралуу сунуш бүгүн 10-мартта шаардык кеңештин сессиясында каралды.
Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков "Азаттыкка" билдиргендей, бул көчөнүн аталышын өзгөртүү тууралуу арыз менен Ташиевдин туугандары жана жергиликтүү тургундар кайрылышкан.
Бул боюнча 9-мартта депутаттык комиссия түзүлгөн. 10-марттагы шаардык кеңештин жыйынында шаар мэри Эрнисбек Ормоков "документ боюнча көптөгөн маселелер жаралат" деген негизде көчөнүн мурдагы аталышын калтырууну сунуштап, депутаттар аны колдоду.
Жалал-Абаддагы “Томас” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү катары белгилүү болгон Каныбек Ташиев коронавирус күчөп кеткен 2020-жылдын июль айында, 57 жашында каза болгон.
Дагы караңыз
Депутат Акаев: Конституцияны ууруларча кабыл алуу аракети жүрүп жатат (видео)Кыргыз бийлиги акимдерди сындан өткөрөтБишкекте “Доор өзгөрткөн аял лидерлиги” форуму өтүп жатат Райымбек Матраимовдун жүрөгүнө операция жасалат