Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:54

Депутат Акаев: Конституцияны ууруларча кабыл алуу аракети жүрүп жатат (видео)


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңеште бүгүн, 10-мартта Конституциянын жаңы долбоорун экинчи окууда кароо тууралуу сунуш айрым депутаттардын каршы пикирин жаратты. Депутат Жанарбек Акаев өз сөзүндө Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламентте регламентти одоно бузуу менен каралып жатканын айтты:

“Кайра добуш берүүгө келишибиз керек биринчи окууга. Эгер регламентти бузуп, өлкөбүздүн эң башкы документин ушундай жол менен кабыл алабыз десек, бул шерменде Конституция болот. Кечээ эмне үчүн конституциялык түзүлүш боюнча комитеттин жыйыны болбой туруп бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда бир кароого киргизип жатасыңар? Бул да одоно мыйзам бузуу. Эң башкы мыйзамыбызды комитет карабай туруп, эң маанилүү учурда баары башын катып жатып алып, үйүнө барып колун койдуруп келип, ушинтип, ууруларча кабыл алабызбы?”

Парламент төрагасы Талант Мамытов депутаттын сыны негизсиз экенин айтып, Конституция мыйзам талаптарына ылайык талкууланып жатканын билдирди:

“Мен депутаттардын добуш бергенине комментарий бере албайм. Бирок, эгер регламент менен карасак, анын талаптарына ылайык... Туура, эгер өзү жок болсо, башка бирөө, Дүйшөн Төрөкулов боюнча маселе бар. Бирок аны алып салганда да, негизи, добуш жетип жатат. Аны эске албаганда, добуш берүү менен маселе кабыл алынып жатат. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок”.

Конституциянын жаңы долбоорун референдумга коюу жөнүндө мыйзам долбоору 3-мартта парламентте добушка коюлганда тергөө абагында жаткан депутат Дүйшөн Төрөкулов жана жыйынга катышпаган айрым депутаттар да добуш бергени белгилүү болгон.

Андан тышкары былтыр 17-ноябрда 80 депутат демилгечи болуп сунуштаган Баш мыйзамдын жаңы долбооруна кол койгон депутаттардын колу Конституциялык кеңешме быйыл февралда жазып бүткөн документке кайра коюлганы сынга кабылган. Алардын арасында мандатын тапшырып кеткен мурдагы депутат Максат Сабировдун, көзү өтүп кеткен депутат Алмазбек Акматовдун да колу бар. (RK)

XS
SM
MD
LG