Ош шаарында футбол боюнча “Сулайман-Тоо кубогу” башталды. Мелдешке жалпы алты команда: "Алай", "Каганат", "Каганат2", "Алдиер", "Араван", "Жалал-Абад" командалары катышууда. Мелдеш жалпы беш тур менен жыйынтыкталат.
9-мартта чемпионаттын 1-айлампасы өттү, анда "Каганат"-"Алай" 0:0 эсеп менен тең чыкса, "Араван" "Каганат-2" командасына 1:3 эсебинде утулуп калды. Ал эми өзгөндүк "Алдиер" командасы "Жалал-Абад" командасына 1:2 эсебинде утулду.
Мелдеш 13-мартка чейин уланып, оюндар "Каганат" клубунун базасында өтөт.
Мелдешти Кыргыз футбол союзу уюштурган.(MrA)
Дагы караңыз
Мирзиёев өзү тууралуу фильм тарттыратАрмян оппозициячыл күчтөрү парламент имаратын тороп алыштыЖакиев: Роза Отунбаевадан өөн издегендер үчүн арданамБишкекте кыз ала качууга шектүү адам кармалдыОпера жана балет театрындагы чыр ырбадыУКМК: Террордук топтун мүчөлөрү кармалдыЛукашенконун байлыгы тууралуу тасма жарык көрдүӨлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүү боюнча эксперттик топ түзүлдүБийлик референдумга, активисттер сотко камынууда