Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:59

Лукашенконун байлыгы тууралуу тасма жарык көрдү


Лукашенконун резеденциясы
Лукашенконун резеденциясы

Беларустун оппозициялык «Nexta» маалымат каражаты Александр Лукашенконун байлыгын жана кымбат баалуу белектер үчүн орус олигархтарын калкалаган коррупциялык схемаларын ашкерелеген даректүү тасманы чыгарды.

«Золотое дно» деп аталган бир жарым сааттык тасмада Лукашенкого жана анын жакындарына тиешелүү делген 18 турак жай тууралуу кеп болот. Алардын арасында Минскидеги Көз карандысыздык сарайы, Витебск облусундагы «Крупенино» эс алуучу жайы, Брест облусундагы «Вискули» хутору бар.

Иликтөөдө өзүн «Лукашенконун администрациясынын мурунку кызматкери» деп атаган адам бул имараттардын курулушу, ага сарпталган каражат жана анын булактары, турак жайлардын ичиндеги жасалга тууралуу, даараткана менен эшиктердин туткаларына чейин алтын менен кооздолгонун баяндайт.

Мындан тышкары кымбат кол сааттарынан баштап Беларуста сулуулук сынактарында көзгө түшкөн бийкечтерден түзүп алган «гареми», калкалап, колтугуна киргизип алган орус олигархтары бирден саналат.

Расмий тапшырган декларация боюнча Лукашенконун айлыгынан башка эч нерсеси жок. Ар бири он миңдеген чарчы аянтты ээлеген ак сарайлар тууралуу бул иликтөө чыгаар алдында Беларустун мамлекеттик телеканалдары Лукашенконун билдирүүсүн көргөзгөн. Анда өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келаткан авторитардык жетекчи «менде хан сарай жок, мен чонойгон апамдын үйү бар, ошол менин ак сарайым» деген.

XS
SM
MD
LG