АКШнын Мамлекеттик департаменти 13 өлкөнүн жарандарына, алардын арасында Кыргызстан дагы бар, иммиграциялык виза берүү боюнча чектөөлөрүн алып салды.
Андай чараны Ак Үйдүн буга чейинки администрациясы киргизген. Эми ошол тыюудан улам виза ала албай калгандардын көбү чечимди кайра карап чыгууну сураса болот же документтерин кайрадан тапшыра алат, - деп билдирди дүйшөмбү күнү Американын тышкы саясат боюнча мекемеси.
Жо Байден Доналд Трамп кабыл алган чечимди президенттикке киришери менен, быйыл 20-январда жокко чыгарган.
Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайстын айтымында, 2020-жылдын 20-январына чейин виза ала албай калгандар жаңы арыз менен кайрылууга тийиш. Ал эми ошол күнү жана андан кийин арызы четке кагылгандар эч кандай төлөмдөрсүз иштерин кайра карап чыгууну сурай алышат.
Тышкы мекеменин маалыматына караганда, 2017-жылдын декабрынан сөз болгон жарлыктын алкагында АКШга кирүү укугунан 40 миңдей киши ажырап калган.
“Кара тизмеге” киргендердин көбү мусулман мамлекеттери болчу.
Дагы караңыз
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Бишкекке расмий сапар менен келетОпера жана балет театрындагы чыр боюнча комиссия түзүлдү Балет труппасынын солисттери өздөрүнө кысым болуп жатканын айтып чыгышты АКШнын климат көйгөйлөрү боюнча өкүлү Керри Брюсселде сүйлөшүү жүргүзөтХалилзад Пакистандагы сапарында Ооганстандагы тынчтык жүрүмүн тездетүү зарыл деп айттыФинполдо иштеген 400дөй адам ишсиз калды, өкмөт алардын маселесин чечүү үчүн комиссия түздүБишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өттү Концепция: Жарандардын диний радикалдашуусу актуалдуу маселе бойдон калууда