Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Балет труппасынын солисттери өздөрүнө кысым болуп жатканын айтып чыгышты


Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры. Бишкек.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры. Бишкек.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын өкүлдөрү 6-марттагы чырдан кийин өздөрүнө жетекчилик тараптан ар кандай кысымдар болуп жатканын билдиришти.

Басма сөз жыйында балет труппасынын кызматкерлери Марат Сыдыков, Екатерина Белоус, Фарух Садыркулов жана Айдана Аднаева мекемеде айлык акыга байланыштуу көп жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе бар экенин айтып чыгышты.

"Биз 9 миң сом айлык алабыз. Орто эсеп менен 8-9 миң сом. Бийлегенде кийчү бир бут кийимибиздин баасы эле 110-120 доллар турат. Элестетип көрсөңөр. Биз ага кантип бут кийим сатып алабыз? Күлүп-жайнап көрүүчүлөрдүн алдына чыгып, андан тышкары жашашыбыз керек", - деди солист Айдана Аднаева.

Алар пандемия шартында театрда баарына бирдей мамиле жасалбай, жергиликтүү артисттердин катышуусундагы спектаклдер аз коюлуп, зал 50% араң толуп жатканын маалымдашты. Ошол эле кезде коммерциялык спектаклдерде социалдык аралык сакталбай, зал толуп, билет баасы да кымбат сатылып жатканын айтышты.

"Театрга, ошондой эле министрликке эч бир тиешеси жок уюм коммерциялык спектакль коёт. Биздин спектаклдердин баасы 100-450 сом. Коммерциялык спектаклге билет 1000-2000 сомго чейин чыгат", - деди Екатерина Белоус.

Театрдын жетекчилиги солисттердин билдирүүсүнө комментарий бере элек.

6-мартта театрда "Ак куу көлү" спектаклин көрөрмандарга коёр алдында чыр чыккан. Артисттер сахнага чыкпай коюшкан. Спектаклди уюштурган "Радужка" фонду окуяга гонорар жана жергиликтүү труппанын өкүлдөрүнүн Орусиядан келген артисттер менен иштешкиси келбегени себеп экенин айткан.

Труппанын өкүлү, балет репетитору Досмат Садыркулов театрда мурдатан бери келаткан көйгөй бар экенин билдирген.

Аталган фонд Чайковскийдин "Ак куу көлү" чыгармасын көрсөтүү үчүн Орусия балетинин көрүнүктүү артисттери Екатерина Первушина менен Сергей Мануйловду чакырган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги чатакты иликтөө үчүн атайын комиссия түздү. (NT)

XS
SM
MD
LG