Тажикстанда алдамчылык айыбы менен прокурордун жардамчысы кармалды

Тажикстандагы Башкы прокуратуранын имараты.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Шохмансур районунун прокурорунун жардамчысы Сайфиддин Бахриддинзода кармалды. Ал алдамчылыкка айыпталгандан кийин качып жашырынып жүргөн.

Февралдын соңунда Тажикстандын Башкы прокуратурасы ага «өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси боюнча айып таккан. «Озодинин» өз булагы билдиргендей, ал адамдардан опузалап акча алып жүргөн.

Маалыматка караганда дүйшөмбүлүк ишкерлердин биринен пара талап кылуу шеги менен Давлатшох Гиёев аттуу жаран кармалган. Ал акчаны Бахриддинзоданын көрсөтмөсү менен алып жүргөнүн айткандан кийин прокурордун жардамчысына кылмыш иши козголгон.

Өткөн аптада Тажикстандын Башкы прокуратурасы Согди облустук бөлүмүнүн кызматкери Манучехр Ахмадзодага каршы «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Манучехр Ахмадзода – Тажикстандын Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агенттигинин башчысынын биринчи орун басары Музаффар Ахмадзоданын уулу.

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү бул иш боюнча комментарий берүүдөн баш тартышкан.

Тажикстанда прокуратура кызматкерлеринин кармалышы – сейрек көрүнүш.

Дагы караңыз

УКМК кызматкерлеринин атынан соцтармактарга жарыяланган кайрылууну төгүндөдүЭкс-депутат Эрик Арсалиев дүйнөдөн мезгилсиз кайттыУлуу Британия: Меган агынан жарылдыАКШда Жорж Флойддун өлүмү боюнча сот жүрүмү башталуудаЖоан Лапорта “Барселона” клубунун президенттигине шайландыАялдар маршы: Теңчиликтин жарчысыБШК өз куттуктоосунда шайлоо маалында аялдарды колдоого чакырды