Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Эрик Арсалиев 7-март күнү, 55 жаш курагында оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маалыматты парламент депутаты, маркумдун жердеши Каныбек Иманалиев “Азаттыкка” ырастады.
Арсалиевдин жакындарынын билдирүүсүнө караганда, маркум өсмө (рак) оорусуна чалдыккан. Түркияда дарыланып жүргөн. Маркумдун сөөгү 9-мартта алып келишери кабарланды.
Эрик Арсалиев 2004-2005-жылдары «Манас» аэропортун жетектеп турган. 2007-жылы “Ак-Жол” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттик кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген.(ZKo)
Дагы караңыз
Аялдар маршы: Теңчиликтин жарчысыБШК өз куттуктоосунда шайлоо маалында аялдарды колдоого чакырдыТүркияны "сулуулаган" кыргыз кыз-келиндер«Чыныгы мусулман башка динге тил тийгизбейт»Блинкен Ооганстандагы тынчтык орнотуу боюнча сунуштарын Ашраф Ганиге жолдодуКанзаада Гарри жубайы Меган экөө Опра Уинфриге маек курдуЧет өлкөдөн диний билим алгандар жамаат-жамаатка бөлүнүүдөБеринг диалектинде сүйлөгөн акыркы өкүл Камчаткада дүйнө салды