БШК өз куттуктоосунда шайлоо маалында аялдарды колдоого чакырды

Кыргызстанда аялдар шайлоону уюштуруу маалында негизги күчкө айланат. (Иллюстрациялык сүрөт. Президенттик шайлоо . 2021-жылдын январы).

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 8-мартка карата куттуктоосун жарыялап, аялдар үй-бүлө очогунан тышкары саясатка, социалдык тармакка, айыл-кыштактарды жакшыртууга чоң салым кошуп келе жатканын белгиледи.

Ушундан улам алдыда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдардын – кыздардын, эже-карындаштардын, апалардын, жубайлардын айылдык, шаардык кеңешке депутат болуу чечимин колдоп, кубаттап, зарылчылык болсо көмөктөшүүгө коомчулукту чакырган.

Куттуктоодо ошондой эле БШК аялдар талапкерлигин көрсөткөн айыл аймагы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын аялдарды колдоп, ийгиликке жетишүүсүнө жардамдашууга үндөгөн.

“Ошол эле учурда аялдар, кыздар, өзүңөргө ишенгиле. Өлкөбүздүн жашоосуна активдүү катышкыла. Кыргызстаныбызбы өнүктүрүп, ийгиликтүү кылууга салым кошкула. Сиздер үй-бүлөдө, иште гана эмес, коомдук-саясий турмушта да өзүңүздөрдү көрсөтүңүздөр” деп жазылган куттуктоодо.

“Жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу” мыйзамга 2019-жылы өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык айылдык, шаардык кеңештердеги депутаттардын 30% аялдардан турууга тийиш.

11-апрелде 448 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Мунун ичинен 28и шаардык, 420сы айылдык кеңештер. Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге 8326 депутат шайланат. Алардын ичинен аялдар үчүн 2858 квота берилген.(ZKo)

Дагы караңыз

Чет өлкөдөн диний билим алгандар жамаат-жамаатка бөлүнүүдө«Чыныгы мусулман башка динге тил тийгизбейт»Аялдар маршы: Теңчиликтин жарчысыБеринг диалектинде сүйлөгөн акыркы өкүл Камчаткада дүйнө салдыБлинкен Ооганстандагы тынчтык орнотуу боюнча сунуштарын Ашраф Ганиге жолдодуЕвропадагы дары-дармекти көзөмөлдөө агенттиги Sputnik Vни текшерип бүтөлектигин билдирдиРим папасынын Иракка сапары карыды Акимдерди аттестациядан өткөрүү 11-мартта Нарындан башталатШамшиев, Шерниязов, Дүйшекеевдин элесине арналган көкбөрү оюну өтөт