Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

Европадагы дары-дармекти көзөмөлдөө агенттиги Sputnik Vни текшерип бүтөлектигин билдирди


Коронавируска каршы вакцина (Иллюстрациялык фото)
Коронавируска каршы вакцина (Иллюстрациялык фото)

Европадагы дары-дармекти көзөмөлдөө агенттигинин жетекчилиги Европа Биримдигинин мүчөлөрүнө коронавируска каршы Орусия өндүргөн Sputnik V вакцинасын каттабай турууну ишаары кылды.

Мунун себеби - агенттик вакцинанын коопсуздугу боюнча текшерүүнү аяктай элек. Аталган органдын башчысы Криста Виртумер-Хох 7-мартта Австриянын телеканалына берген интервьюсунда “Биз карап чыгышыбыз үчүн документтер керек. Ошондой эле эмделген адамдар жөнүндө да маалыматтар жок болуп жатат”,- деп билдирди. Агенттиктин башчысы бардык текшерүүлөр бүткөн соң гана вакцинаны колдонууга уруксат берилиши мүмкүн экенин кошумчалады.

Европдагы Дары-дармекти көзөмөлдөгөн регулятор 4-мартта Sputnik V вакцинасын текшере баштаганын кабарлаган. Анын жыйынтыгында препарат натыйжалуу жана коопсуз деп табылса Евробиримдиктин 27 өлкөсүндө колдонууга уруксат берилиши мүмкүн.

Европа Биримдигинде 450 миллиондон ашык адам жашайт. Буга чейин уюм коронавируска каршы Pfizer/BioNTech, Moderna и AstraZeneca вакциналарын каттоодон өткөргөн.

XS
SM
MD
LG