Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылы 8-мартты Аялдардын эл аралык күнү катары бекиткен. Ошондон тарта аялдардын укугун коргоо Эл аралык күнү жана эл аралык тынчтык күнү катары белгиленип келет.
Кыргызстанда 8-март жылнаамада кызыл менен белгиленген. Өлкөнүн булуң-бурчунда Аялдардын эл аралык күнүнө арналган ар кандай иш-чаралар өтөт.
Былтыр 8-мартта Бишкекте аялдардын теңдиги, тилектештиги үчүн уюштурулган тынч жүрүш үзгүлтүккө учураган. Белгисиз, беткапчан адамдар уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен.
Милиция кийинчерээк аялдар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн кармалганын айткан.(ZKo)
Дагы караңыз
Рим папасы Ирактын ИМдин жоочуларынан бошотулган аймактарын кезди8-март: Пандемия гендердик теңсиздикти күчөттүАлматыда эл көп катышкан иш-чараларга тыюу салындыИран: абак жазасы аяктаган Загари-Рэтклифф кайра сотко чакырылдыЕвропада коронавирусту жугузуп алгандар кайра көбөйдүРоухани: АКШ өз санкцияларын алып салса, Иран дароо жеңилдикке баратОшто ар ишемби азык-түлүк жармаңкеси өтмөй болду