Иран: абак жазасы аяктаган Загари-Рэтклифф кайра сотко чакырылды

Назанин Загари-Рэтклифф.

2016-жылдан бери Иранда кармалып келген гуманитардык кызматкер, Британия менен Ирандын жарандыгын алып жүргөн Назанин Загари-Рэтклиффтин бутуна тагылган көзөмөлдөөчү жабдык 7-мартта алынды. Бул күнү анын беш жылдык абак жазасы соңуна чыкты. Бирок Загари-Рэтклифф Ирандан чыгып кете алары белгисиз болуп турат.

Себеби Ирандагы ISNA маалымат агенттиги гуманитардык кызматкер 13-мартка кайра сотко чакырылганын маалымдады. Британ тышкы иштер министри Доминик Рааб Ирандын бийлигинен Загари-Рэтклиффти бошотууну жана анын Британияга кайтып келишине мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылды.

«Thomson Reuters Foundation» фондунун менеджери, 42 жаштагы Загари-Рэтклифф 2016-жылдын апрелинде кызы менен Британияга кайтып баратканда Тегеран аэропортунда кармалган. Ал “Иран өкмөтүн төңкөрүү боюнча кутумга катышкан” деп айыпталып, беш жылга түрмөгө кесилген. Анын үй-бүлөсү жана фонд бул айыптарды четке каккан. “Amnesty International” уюму Загари-Рэтклиффдин сот ишин “өтө адилетсиз” деп мүнөздөгөн.

Андан бери Британия Загари-Рэтклиффти жана ал сыяктуу Иран түрмөлөрүндө отурган кош жарандыгы бар адамдарды бошотууну талап кылып келет. Расмий Тегеран кош жарандыкты тааныбайт.

Ноябрь айында Загари-Рэтклиффке “режимге каршы пропаганданы жайылтты” деген жаңы айып коюлуп жатканы кабарланган. Былтыр март айында коронавирус пандемиясына байланыштуу ал Эвин түрмөсүнөн үй камагына которулган.

Дагы караңыз

Рим папасы Ирактын ИМдин жоочуларынан бошотулган аймактарын кездиЕвропада коронавирусту жугузуп алгандар кайра көбөйдүОшто ар ишемби азык-түлүк жармаңкеси өтмөй болду Бишкекте "Мыйзамдуулук үчүн" деген аталышта кезектеги жүрүш өттүБишкекте орусиялык артисттер катышкан "Ак куу көлү" спекталине байланыштуу чыр чыкты