Коронавирус дагы 44 адамдан табылды

7-мартка карата соңку бир сутка ичинде Кыргызстанда дагы 44 адамдан коронавирус табылды. Мурда ооругандардын арасынан 46 адам сакайды. Каза болгондор жок.

  • Илдет жуккандардын эң көбү Бишкек шаарында - 21;
  • Ысык-Көл облусунда - 12;
  • Чүй облусунда - 5;
  • Нарын облусунда - 4;
  • Ош шаарында - 2 адамдан оору чыкты.
  • Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынан ооруга чалдыккандар аныкталган жок.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынан бери COVID-19 вирусун жуктургандардын саны расмий эсепте 86 550гө жетти. Алардын 83 530у айыгып, 1471и көз жумду.

Ооруканада 14 бейтап өтө оор, 88и оор, 241и орточо оор абалда жатканын Коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө коронавирус жуккандардын саны 7-мартка карата 116 миллион 468 миңден ашты. Алардын 2 миллион 587 миңге жакыны жашоо менен кош айтышты.

Бир катар мамлекеттерде илдетке каршы эмдөө башталды. Кыргызстанда быйыл марттан вакцинаны камдап, жайында эмдөө башталары расмий кабарланган. (SE)

Дагы караңыз

ДССУ: Коронавируска каршы карантинди жеңилдетүүгө эртеCOVAX программасынын алкагында эмдөө башталдыӨзбекстан коронавируска каршы вакцинаны каттадыJohnson & Johnson компаниясынын вакцинасы коронавирустан натыйжалуу коргой алары кабарландыОоганстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө башталдыКыргызстан «Спутник V» вакцинасын каттады"Спутник V" вакцинасы менен элчилер эмделди«Спутник V» вакцинасын Кыргызстанга алып келүү тууралуу сүйлөшүү өттүДССУ: "AstraZeneca" вакцинасы коопсуз Венгрия «Спутник-V» вакцинасы менен эмдөө өнөктүгүн баштадыСОVID-19: Кыргызстанда эмдөө мартта башталат COVID-19: Кыргызстан «AstraZeneca» вакцинасын тандады, алгачкы 504 миң доза мартта келет