Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү талкуулаган жолугушууда Армениянын парламенттик оппозициясынын “Жаркыраган Армения” фракциясынын лидери Эдмон Марукян менен премьер-министр Никол Пашинян бир мунасага келе алышкан жок.
4-мартта Пашинян менен жолугуп чыккан соң Эдмон Марукян “Биз сүйлөшүүлөрду жүргүздүк. Премьер-министр менен менен бир пикирге келе алган жокпуз,”-деп билдирди.
Ал эми башка бир оппозициячыл багыттагы "Гүлдөгөн Армения" партиясынын өкүлдөрү менен премьер-министр сүйлөшүү өткөрөбү же жокпу - ал азырынча белгисиз.
Соңку апталарда Армениядагы саясий кризис күчөп кетти. Былтыр күзүндөгү алты апталык согуш Армения, Азербайжан жана Орусия түзгөн үч тараптуу келишимге кол коюлгандан кийин токтогон. Оппозиция ал үчүн Пашинянды "чыккынчы" деп күнөөлөп, отставкасын талап кылууда.
Өткөн аптада болсо Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы премьер-министр Пашиняндын өкмөтүнүн отставкасын талап кылган. Муну аскердик төңкөрүш аракети деп баалаган Никол Пашинян Армениянын Башкы штабынын жетекчиси Оник Гаспарянды кызматтан алууну президентке сунуштаган. Президент Армен Саркисян болсо бул сунушту эки жолу четте каккан.
Дагы караңыз
Беларус оппозиционери Мария Колесникова АКШнын "Каарман айым" сыйлыгына татыды АКШ Көлбаев тууралуу баалуу маалыматтарга сый акыны 5 млн. долларга көбөйттү"Алай" тунистик футболчу Тияни Белаид менен келишим түздү Крым татар коомдук ишмери Мустафа Жемилев Крымга 2034-жылга чейин кире албайт“Аскер курулуштун” жетекчилери кылмышка шектелүүдө Садыр Жапаров: Соттордун бедели болуп көрбөгөндөй төмөндөдү