Түркияда 4 жашар кызга ыдык көрсөттү делген адамдын жарандыгы такталууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги Түркиянын Айдын аймагына караштуу Кушадасы шаарында "төрт жашар кызга ыдык көрсөттү" деп шек саналган Х.А.А. аттуу адамдын жарандыгы тууралуу маалыматты тактап жатканын "Азаттыкка" кабарлады.

Элчилик "Тийиштүү мекемелерге суроолорубузду жөнөттүк. Маалымат күтүп жатабыз", - деп билдирди.

1-мартта Түркиянын айрым басылмалары Кушадасы шаарына 43 жаштагы Х.А.А. аттуу жаран Орусиядан келип, тууганынын төрт жашар кызына сексуалдык ыдык көрсөткөнү тууралуу маалымат такталып жатканын билдирген. Кызынын айткандарына таянып наристенин энеси полиция чакырган.

Полиция бөлүмүндө суракка алынган Х.А.А. аттуу адам буга чейин төрт кылмыш иши боюнча соттолгону белгилүү болду. Шектүү сурактан кийин дароо камакка алынды.

Расмий маалыматтар боюнча Түркиянын абактарында ушул тапта 12 кыргызстандык жаран отурат.

Жалпысынан Түркияда расмий түрдө 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өтүп, жашайт. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң-чоң шаарларда жашап, эмгектенишет.(ElB)

Дагы караңыз

Кара-Сууда мектептеги өрттүн себеби иликтенүүдөӨзбекстан бейөкмөт уюмдарга сырттан көбүрөөк каражат алууга уруксат бердиТажикстанда жогорку кызматтагы аткаминердин уулуна иш козголдуКоронавирустан дагы эки киши кайтыш болду, илдет 41 адамдан аныкталдыАКШ Көлбаев тууралуу баалуу маалыматтарга сый акыны 5 млн. долларга көбөйттүКытай Гонконгго көзөмөлдү күчөтүүнү көздөөдөЖерүй кенинде мушташтан жабыркагандар милицияга кайрылган эмес