Өзбекстан өкмөтүнө жана президенттин үй-бүлөсүнө жакын булактардын айтымында, Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы 13-февралда болгон жол кырсыгында оор жаракат алып, ушу тапта Түштүк Кореяда дарыланууда.
Маалыматка караганда мамлекет башчынын Коопсуздук кызматынын жетекчи орун басары Отабек Умаров мындан жыйырма күн мурда Ташкентте болгон автокырсыктын маалында бутунан жана башынан жаракат алып, кыймылдай албай калган.
"Озодлик" радиосунун булактары ошондой эле президент ошол окуяга байланыштуу өзүнүн Коопсуздук кызматынын айрым мүчөлөрүнүн үстүнөн иликтөө жүргүзүүнү тапшырганын билдиришти.
Дагы караңыз Мирзиёевдин «эрке» күйөө балдарыОшол маалда Умаровдун жанында жүргөн “спортчулар” деген бир нече кишини да текшерип жатышат. Ага таандык бизнестин бир бөлүгү болгон Ташкенттеги кеңсенин жана спорт залдын эшиктерин тартип коргоочулар жаап, мөөрлөп чаптап кетишти.
Булактардын айтымында, 36 жаштагы Отабек Умаров жана “спортчулар” Өзбекстандын башкалаасында дайыма ылдам жүрүүчү автомашианалардын жарышын уюштуруп, “жолдо кооптуу кырдаал түзүшчү”.
Отабек былтыр жайында Ташкенттин борбордук көчөлөрүнүн биринде машинесин саатына 200 чакырым ылдамдыкта айдап бараткан тасмасы Интернетке тарагандан кийин көпчүлүктүн көзүнө түшкөн. «Азаттыктын» өзбек кызматынын жаңылыгынан соң президенттин күйөө баласы бул жоругу үчүн 200 доллар айып төлөгөнү кабарланган.
Дагы караңыз
Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасы боюнча түшүндүрмө жазды Байтерек: Президент Жапаровдун «Фейсбук» баракчасын бузуп киришкенАксы: Жапырт уулангандар спиртке суу кошуп ичкени белгилүү болду Аксыда ууланып каза болгондор алты адамга жеттиБекешев Матраимовду колдоо митингине катышкан депутаттарды сындады (видео)5-мартта өлкөдө жаан, кар жаайтРайымбек Матраимов жеке клиникада дарыланууда