Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:37

Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасы боюнча түшүндүрмө жазды


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Бүгүн, 4-мартта Президент Садыр Жапаров "Фейсбук" социалдык түйүнүндөгү "Садыр Жапаров" аттуу тайпага өзүнүн жеке баракчасы тууралуу түшүндүрмө жазды.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Менин аккаунтумдан бирөө жарым кирип, комментарийлерди жазыптыр. Мен жасалма аккаунттардан жазып жатышса керек деп ойлогом, тилекке каршы менин жеке аккаунтум экен. Колдонуп жүргөн жардамчымдан сурасам, "биз эмес" дейт. Азыр менин мурдагыдай интернет карап отурганга убактым деле жок.
"Фейсбукту" эле сындырып киришеби же «Одноклассники» менен "Инстаграмды" да буза алышабы?", - деп жазды президент.

Кечээ, 3-мартта социалдык тармактарда Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешевдин Конституциянын жаңы долбооруна карата айткан сынына Садыр Жапаровдун "Фейсбук" баракчасынан анын майыптык абалына байланыштуу кемсинткен комментарий жазылып, түйүндүн колдонуучуларынын катуу сынына кабылган.


Садыр Жапаров социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу экенин буга чейин бир нече жолу билдирген.

Ушул жылдын январь айында ал орусиялык «Коммерсантъ» басылмасына чыккан маегинде Кыргызстанда «түрмөдө жатып, социалдык тармактар аркылуу революция жасаганын» айткан. Анын сөзү боюнча, «WhatsApp», «Фейсбук», «Одноклассники» түйүндөрүнөн тайпаларды ачып түрмөдө болсо да эл менен түз байланышып турган.

Анткен менен медиа эксперттер президенттин баракчалары азырынча расмий тастыктоодон өтө элек экенин айтып келишет. (BCh)

XS
SM
MD
LG