Президент Садыр Жапаров казак инвесторлорун Кыргызстанга акча салууга чакырды.
Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, Жапаров мындай кайрылууну 3-мартта Нур-Султан шаарында Казакстандын ишкерлер коомчулугу менен жолугушууда жасады.
Ал коронавирус пандемиясынан улам келип чыккан кризиске карабастан, былтыр Казакстандын түз инвестицияларынын көлөмү 9% көбөйгөнүн белгиледи.
Анын айтымында, эки мамлекет Евразия экономикалык биримдигинин алкагында да өнөктөш. Бул жагдай казак ишкерлерине Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.
Президент Жапаров эки өлкөнүн соода-экономикалык потенциалы толук пайдаланылбай жатканын, товар жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулата турган мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты:
“Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев биргелешкен жаңы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, ЕАЭБди байланыштыруу менен “Бир алкак – бир жол” демилгесин, чек ара түйүндөрүн толук кандуу пайдалануу зарылдыгы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Биз муну толугу менен колдойбуз жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн катышуусунда биргелешкен дүң-логистикалык комплекстерди түзүү аркылуу Кыргызстан-Казакстан ортосундагы соода-транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга даяр экенибизди билдиребиз”, - деди Жапаров.
Мамлекет башчысы алгачкы жарлыктардын бири ишкерлердин жана инвесторлордун мүлкүн коргоону күчөтүп, аларга мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн тыюуга багытталганын кошумчалады.
Суроо-жооп форматында өткөн жолугушууда Казакстандагы ондогон ири компаниялардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.
Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапар менен 2-мартта барган. Сапар бүгүн аяктайт.
Бул – Кыргызстанда 2020-жылдын 5-6-октябрындагы бийлик алмашуудан кийинки Бишкек менен Нур-Султандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги дипломатиялык биринчи байланыш. (NT)
Дагы караңыз
Жогорку сот Текебаевди мандатынан ажыратты Момбеков: Референдум дайындоо боюнча мыйзам долбооруна көзү өткөн депутат да кол койгон (видео)Депутат Бешимбаева Конституциянын жаңы долбооруна автор эмес экенин билдирдиБишкекте 2-4-класстар да мектепке барып окуй башташат Коронавирус дагы 48 адамга жукту, бир бейтап көз жумду