Кылмыштуу топ түзгөн деген шек менен кармалган Камчыбек Көлбаев эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен абактан бошотулду.
Мындай чечимди Бишкек шаардык соту 2-мартта чыгарды.
Шаардык соттун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова чечим чыкканын “Азаттыкка” билдирип, андан башка маалымат берген жок.
17-февралда Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 22-мартка чейин узарткан.
Улуттук коопсуздук комитети Камчыбек Көлбаевди былтыр 22-октябрда кармаган. Ага Жазык кодексинин «Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу» беренеси менен айып коюлган. 5-ноябрда Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулган.
11-ноябрда социалдык тармактарда №47 абактын футбол аянтчасында жазасын өтөп жаткан бир топ адамдар дасторкон жайып тамактанып жатканы тартылган тасма тараган. Андан Камчыбек Көлбаевди да көрүүгө болот. Бул иш-чара 5-ноябрь күнү Көлбаевди тосуп алуу үчүн уюштурулганы айтылган.
Кийинчерээк Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө» карата абакта кичи футбол боюнча мелдеш өтүп, "соттолуучуларга тамак берилген" деп түшүндүргөн.
АКШнын Мамлекеттик департаменти буга чейин Камчыбек Көлбаевди эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөсү катары "кара тизмеге" киргизген. (TSh)
Дагы караңыз
УКМК: Каржы полициясынын кызматкерлери 180 млн. сом пара алышканТокаев: 15 жылда Казакстан Кыргызстанга 1 млрд. доллар каражат салдыСамат Кылжыев үй камагына чыктыКыргызстан Казакстандан аскердик-техникалык жардам алат