Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:44

Токаев: 15 жылда Казакстан Кыргызстанга 1 млрд. доллар каражат салды


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан Кыргызстандын ири соода өнөктөштөрүнүн жана инвесторлорунун бири экенин билдирди. Бул тууралуу казак мамлекет башчысынын сайты Кыргызстан президенти Садыр Жапаров менен Токаевдин жолугушуусунан кийинки журналисттерге берген брифингде айтылганын жазды.

«Акыркы 15 жылда бул өлкөгө 1 млрд. доллардан ашык акча салдык. Казак инвесторлору кыргыз экономикасын жана социалдык абалын жакшыртууга салым кошууда. Айрыкча жумуш орундарын түзүүдө, өндүрүш секторунда жана каржы рыногуна көңүл бурулууда. Мындан улам инвестициялык алаканы колдоо жана коргоо жөнүндө сүйлөштүк», - деди Казакстандын президенти.

Ошондой эле казак президентти эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы товар өткөрүү маселесине токтолгон. Токаев жалпы жонунан эки өлкө ортосунда 180 документке кол коюлганын айтты. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында казак тарап Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн жардам жиберүүгө даяр экенин билдирди.

Буга чейин Кыргызстан менен Казакстандын аймагы аркылуу товарларды тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн чек арада логистикалык борбор түзүлөөрү маалымдалган. Эки өлкө президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев 2-мартта Нур-Султандагы жолугушууда аталган борборду түзүү боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды.

Казакстан Кытай жана Орусиядан кийинки Кыргызстан эң көп соода жүгүрткөн өлкөлөрдүн бири. Ошондой эле Казакстан Орусиядан кийинки кыргызстандык мигранттар эң көп эмгектенген (2018-жыл - 35 миң мигрант) экинчи өлкө. Кыргызстан да, Казакстан да Москванын таасири күч Евразия экономикалык биримдигине мүчө. (TSh)

XS
SM
MD
LG