Садыр Жапаровдун Казакстанга мамлекеттик сапары башталды

Президент Садыр Жапаров Нур-Султандагы аэропортто. 2-март, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров 2-мартта, Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына мамлекеттик сапар менен барды.

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдиргендей, Жапаровду аэропорттон Казакстандын вице-премьер-министри — тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов ардактуу кароолдун коштоосунда тосуп алышты.

Сапардын жүрүшүндө Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара кызматташтыктын келечегин талкуулай турганы расмий кабарланды.

Казакстандын мурдагы пезиденти Нурсултан Назарбаев, премьер-министр Аскар Мамин, мажилистин жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу белгиленген.

Бул - быйыл 10-январда президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун биринчи мамлекеттик сапары. Буга чейин ал Орусияга алгачкы иш сапар менен барып келген. (NT)

Дагы караңыз

Бир айда коронавирустан 50дөн ашык киши кайтыш болду Намангандын акими Бунёдкор маалесине көчүп келдиУКМК Абжалиевдин ишин териштирет«Көчмөндөрдүн жери», «Борат 2», «Таажы» тасмалары «Алтын глобус» алды