Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

«Көчмөндөрдүн жери», «Борат 2», «Таажы» тасмалары «Алтын глобус» алды


"Алтын глобус" сыйлыгы.
"Алтын глобус" сыйлыгы.

АКШда 78-жолу кино жана теле жаатындагы абройлуу «Алтын глобус» сыйлыгы тапшырылды. Пандемияга байланыштуу иш-чара видеобайланыш аркылуу өттү.

«Алтын глобусту» эң мыкты драмалык фильм үчүн «Көчмөндөрдүн жери» тасмасы алды. Тасманын режиссёру Хлой Чжао «эң мыкты режиссердук иш» номинациясына ээ болду.

Драмалык фильмде эң мыкты актер наамы «Ма Рейни: Блюз энеси» тасмасында ойногон Чедвик Боузманга берилди. «Кошмо Штаттар Билли Холидейге каршы» картинасында роль алган Андра Дэй эң мыкты актриса номинациясына татыды.

Режиссер Жейсон Уолинердин «Борат 2» лентасы «Эң мыкты фильм – комедия же мюзикл» номинациясында «Алтын глобус» алды. Эң мыкты комедиялык актер наамына Борат Сашаны ойногон Барон Коэн ээ болду. Ушул эле категорияда эң мыкты актриса наамын «Аферистка» фильминде роль алган Розамунд Пайк жеңди.

«Эң мыкты чет тилдеги тасма» категориясында «Алтын глобус» режиссер Ли Айзек Чундун «Минари» картинасына берилди.

Эң мыкты анимациялык фильмде сыйлыкты «Жан» мультфильми алып кетти.

Эң мыкты драмалык сериал үчүн сыйлыкты британ ханышасы Елизавета IIнин башкаруусун баяндаган «Таажы» тарыхый сериалы жеңди. Бул сериалда ханзаада Чарльзды ойногон Жош О'Коннор эң мыкты теле актер, ханбийке Диананын образын жараткан Эмма Коррин эң мыкты телеактриса деп аталды.

«Ханышанын жүрүшү» психологиялык триллери эң мыкты мини-сериал сыйлыгын алса, анда башкы ролду ойногон Аня Тейлор-Жой эң мыкты мини-сериал актрисасы болду.

«Шиттс Крик» эң мыкты комедиялык телесериал номинациясында «Алтын глобус» алды.

«Алтын глобус» кино жаатында «Оскардан» кийин эле кадыр-барктуу эсептелген сыйлык. Салтка ылайык, «Алтын глобусту» алган эмгектер 25-апрелде тапшырыла турган «Оскар» сыйлыгынын негизги талапкерлери катары сыпатталат.

XS
SM
MD
LG