Абжалиевдин мүлкүн териштирүү башталды. Депутат аны "куру доомат" деп баалады

Депутат Абжалиевдин мүлкү делген имараттар (УКМК тараткан сүрөттөр).

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевге карата Кылмыш кодексинин 308-1-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 1-мартта билдирди. Абжалиев "кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн" деп шек саналууда.

Депутат Абжалиевдин мүлкү делген имараттар

"Абжалиев менчик ишканалардын кызыкчылыгын алдыга сүрөгөн. Мамлекеттик кызматта иштеп жатканда расмий кирешелеринде көрсөтүлбөгөн кыймылсыз мүлктөргө ээ болгон. Жыйырмадан ашуун элиталык батирлери, Бишкектеги VIP шаарчаларда үйлөрү, Ысык-Көлдө пансионат, Ысык-Көл, Чүй облусунун аймагында жер тилкелери бар, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлк сатып алган", - деп айтылат билдирүүдө.

УКМКнын маалыматына караганда, сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Абжалиевдин булардан башка дагы көмүскө мүлктөрүн аныктоо аракеттери уланып жатат.

Анын 2018-жылдагы декларациясында 2017-жылы 674 миң 284 сом киреше тапканы жазылган. "Тойота" үлгүсүндөгү автоунаасы, 1 миллион 890 миң сомдук жылкысы, 1 миллион 80 миң сомдук бодо малга ээлик кылары гана көрсөтүлгөн.

54 жаштагы Абжалиев 2015-жылы парламенттин алтынчы чакырылышына депутат болуп шайланган.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин бүгүн 1-мартта кечке маал "Азаттыкка" интервью берип, УКМК ага карата жүргүзүп жаткан сотко чейинки териштирүү ишин “куру доомат” деп баалады. Анын айтымында, ал 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген эмес:

“Мунун баары калп, куру доомат. Дубай, Түркияда үйлөрү бар дептир, үй эмес, бир кышым жок. Болсо алып алсын. 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген жокмун. Жеке менчик компаниялардын кызыкчылыгына иштеген деген маалыматтар дагы калп”.

Алиярбек Абжалиев мындан тышкары мурунку президент Сооронбай Жээнбеков менен кудалыгын пайдаланбаганын, мамлекеттик иштерге кийлигишпегенин да кошумчалады.

Абжалиевдин өзү "2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген эмесмин", дегени менен анын Жогорку Кеңештин сайтында илинип турган өмүр баянындагы маалыматка ылайык ал 2008-12-жылдарда 5 жыл бою Өкмөт алдындагы Монополияга каршы агенттиктин статс-катчысы болуп иштеген.

Ал эми 1993-2000-жылдары Оштогу "Эркечтам" бажыканасында улук инспектор, башкы инспектор, начальниктин орун басары, башчысы болгон.

2000-2004-жылдарда Баткен облустук бажыканасынын алгач жетекчисинин орун басары, андан кийин жетекчиси.

2004-2005-жылдары "Манас" аэропортунун бажысынын башкы жетекчиси.

2005-2007-жылдарда Жогорку Кеңештин депутаты.

Алиярбек Абжалиевдин баласы Атабек мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызына үйлөнгөн. (BCh)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров: Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт2-марттын аба ырайыБишкек шаардык кеңешине шайлоого 29 партия катталдыУКМК: Оштун губернатору негиздеген партиянын шайлоого аттанганы тынчсыздандырат