Мыкан айылында топтолгондор айдоо жерин курулушка берүүнү талап кылууда

Иллюстрациялык сүрөт

Аламүдүн районундагы Мыкан айылынын айдоо аянтында учурда жүздөн ашуун адам топтолуп турат. Алар жүгөрү, беде айдалган айдоо жерлерди үй-жай куруу үчүн бөлүп берүүнү талап кылып жатканы белгилүү болду.

Бул маалыматты "Азаттыкка" Ленин айыл өкмөтүнүн өкүлү ырастап, чогулган элдин талабын угуу үчүн район акиминин орун басары Эмил Чакибаев баштаган кызматкерлер Мыканга кеткенин билдирди.

Коомдук тартипти милиция көзөмөлдөп жатканын кабарлады. Чогулгандар менен байланышууга мүмкүн боло элек.

Мыкан айылы Бишкектин четинде орун алган. Кыштакка шаардык коомдук транспорт каттайт. 2017-жылдагы эсеп боюнча айылда 1200дөн ашуун түтүн бар. (BCh)

Дагы караңыз

Митинг: Ошто депутаттар, Бишкекте активисттер чыкты Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Казакстанга баратКоронавирустан эки адам каза болду, оору 22 кишиден табылдыКазакстандан күйүүчү майдын экспорту токтоп турат