Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:48

Казакстандан күйүүчү майдын экспорту токтоп турат


Май куючу жайлардын бири. Кыргызстан.
Май куючу жайлардын бири. Кыргызстан.

Январь айынан бери Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май экспорттолбой турат. Бул тууралуу Кыргызстан мунай ташуучулар бирлигинин аткаруучу директору Канат Эшатов 1-марттагы басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы Казакстанда мунай өндүрүүдө профицит (ашыкча өндүрүү) катталып, Кыргызстанга арзан баада күйүүчү май алып келүү тууралуу макулдашылган. Бирок коңшу өлкө өз заводдорунда оңдоо иштери жүрүп жатканын жүйө келтирип экспортту токтотуп койгон:

"Былтыр жай мезгилинен бери Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү майды ташып келип жатканбыз. Жаңы жылдан тарта Казакстандын заводдору профилактикалык оңдоо иштери башталгандыктан бизге күйүүчү майды сатпай калды. Бул да тартыштыкты жаратты. Казакстандын экспорту азыр бизге жабык".

Мунай ташуучулар бирлигинин маалыматына караганда, күйүүчү майдын наркы Кыргызстанда январдан бери 14% же 5-7 сомго кымбаттады. Баа мартта дагы 5-8 сомго чейин өсөт деген божомол бар.

Кыргызстанга күйүүчү май Орусия жана Казакстандан алынып келинет. (BCh)

XS
SM
MD
LG