Ооганстандын вице-спикери Мирзо Катавозай Тажикстанда конфискацияланган 90 килограмм алтын жана 15 миллион доллар өлчөмүндөгү аткезчиликке тиешеси жок экенин билдирди.
«Мындай болушу мүмкүн эмес. Анткени мен ишкер эмесмин, саясатчымын. Мени аткезчиликке айыптаган билдирүүлөрдүн баары жалган», - деди ал.
Буга чейин Ооганстандагы «1» телеканалы өз булактарына шилтеме кылып, тажик бийлиги колго түшүргөн алтын менен акчанын Мирзо Катавозайга тиешеси бар экенин кабарлаган.
Телеканалдын кабарчысынын айтымында, бул окуя коомчулукка жайылып кетпеши үчүн Катавозай жакында эле Тажикстандын Ооганстандагы элчиси менен жолуккан.
27-февралда ооган парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Миррахмон Рахмони расмий делегацияны жетектеп Тажикстанга келген. Сапардын алкагында ал тажик президенти Эмомали Рахмон, тышкы иштер министри жана парламент спикери менен жолугары кабарланган. «Озоди» радиосунун маалыматына ылайык, ооган делегациясынын курамында Мирзо Катавозай өзү да бар.
Былтыр ноябрда Тажикстандын укук коргоо органдары Душанбе аэропортунда Тажикстан аркылуу Ооганстандан Дубайга 90 килограмм алтын жана 15 миллион доллар алып өтүүгө аракет кылган жети киши кармалганын кабарлаган. 18-февралда өлкөнүн Бажы кызматы бул иштин алкагында үч бажы кызматкери камакка алынганын билдирген. Аларга «шалаакылык» жана «документтерди тиешелүү деңгээлде текшерген эмес» деген айыптар тагылган.
Дагы караңыз
Иран Батыш менен бейрасмий жолугушуу сунушун четке кактыБирма: полиция демонстранттарга ок атып, көп киши набыт кеттиКиевде Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагындыГрузин оппозициясы чатыр тигип, нааразылык акциясын күчөттүМитинг: Ошто депутаттар, Бишкекте активисттер чыкты Бишкек: 45 мандат үчүн ат салышуу ниетин 30 партия билдирди Бишкектин дабышы. Кытайдын карызы