Кыргызстан Орусиядан учкучсуз учактарды, С-300 үлгүсүндөгү зениттик ракеталарды алат. Бул эки өлкөнүн ортосундагы аскердик-коргонуу кызматташтыгын улантуу алкагында ишке ашмакчы.
Мындай документке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Орусияга иш сапарынын алкагында кол коюлганын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Галина Байтерек маалымдады.
"Бул Орусиянын Кыргызстандын жана ЕАЭБ менен ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы чек арасынын коопсуздугун коргоого кошкон чоң салымы болот", - деп белгилеген Байтерек президенттин сайтындагы маалыматта.
Президент Садыр Жапаровдун Орусияга иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн коргоо жана коргонуу мекемелери 2025-жылга чейин аскердик стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү макулдашты.
Мындан тышкары кыргыз-орус өкмөттөрү эл аралык маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба продукцияларын жеткирүү, коронавируска каршы Орусияда иштелип чыккан „Спутник V“ вакцинасын алуу, газдын жана башка күйүүчү майлардын баасы тууралуу сүйлөшүүлөр болду.
Сапар алкагында орус тилин өнүктүрүүнүн мааниси тууралуу сөз болуп, Кыргызстандын аймактарында орус тилинде билим берүүчү 44 мектеп-интернат ачуу макулдашылды. Мектептер расмий Москванын көмөгү менен курулуп, анда орусиялык мугалимдер иштей турганы белгиленди.
Садыр Жапаровдун 24-25-февралдагы Москвага барышы анын президенттикке шайлангандан берки алгачкы чет өлкөгө чыгышы болуп калды.
Жапаров 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан.(ZKo)
Дагы караңыз
Human Rights Watch уюму Садыр Жапаровго адам укуктарын эске салган кат жолдоду Жусупбекова: Мектептерге коррупциялык жол менен дайындалган директорлор бар1-марттан тартып 5 миңден ашуун кардардын электр кубаты өчүшү ыктымалБишкекте түнкү клубдун ди-джейинин өлүмү иликтенип жататЖапаров: Улуттук тоо-кен компаниясы түзүлөт Балага эненин атын берген учурду сот териштирет Мектептердин айланасына жашылча-жемиш өстүрүүгө уруксат берилди Пашинян армияны «өз милдетин аткарууга» чакырдыАбактан кайтпай калган активистТаиландда каза болгон кыргызстандык боюнча ТИМ иш алып барууда