Дулат Агадил каза болгондон туура бир жылдан кийин Казакстандагы саясий системаны жана бийликти сындап жүргөн 17 жаштагы уулу Жанболат Агадил да киши колдуу болду. Коомчулукта тергөөнүн "Жанболат мушташта бычак жеген" деген версиясына карата күмөн саноо бар.
Европарламентте кабыл алынган резолюцияда былтыр Казакстанда өлтүрүлгөн оппозициянын беш активистинин катарына Дулат менен Жанболатты кошуп, казак бийлигин "укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери жана саясий репрессиялар" үчүн сынга алган. Расмий Нур-Султан өзүнө коюлган айыптарды четке кагууда.
Оппозициячыл активисттин абактагы өлүмү
Былтыр 24-февралга караган түнү жарандык кийимчен полиция кызматкерлери 43 жаштагы активист Дулат Агадилди Нур-Султан шаарынан 30 чакырым алыстыктагы Талапкер айылындагы үйүнөн "кылмышка шектүү" деп кармап кетишкен. Анын жакын санаалаштарынын бири Серик Жахиндин айтымында, Агадил башка активисттер менен бир күндөн кийин Нур-Султан шаарына келген Европарламенттин депутаттары менен жолугушмак. Бирок 25-февралда таң эрте Дулат Агадил Нур-Султандагы убактылуу тергөө абагында каза болгону кабарланган. Эгер ал тирүү болгондо ушул жылдын 16-февралында 44 жашка чыкмак.
Дулат Агадил казак бийлигине каршы уруксат берилбеген нааразылык акциясына катышкан жана чуулгандуу сот жараяндарын соцтармактарда чагылдырган жигердүү блогер катары белгилүү болчу. Ал саясий туткундарды бошотууну, кыйноону токтотууну, тынчтык митингдерди өткөрүү эркиндигин жана таза шайлоону талап кылган нааразычылык акцияларын да уюштуруп келген. Ал бул боюнча бир нече жолу сот жообуна тартылып, 60 күнгө камакка да алынган.
Абакта каза болгон оппозициячыл активисттин өлүмү казак коомчулугунда чоң резонанс жараткан. Жүздөгөн адамдар Алматы, Актөбө, Орал, Чымкент жана Тараз шаарларында Агадилдин өлүмү боюнча калыс жана ачык иликтөө жүргүзүүнү, ички иштер министринин жана өлкөнүн саясий жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылып нааразылык акциясына чыгышкан. Агадилдин тарапташы, активист Серик Аскаров мыйзамсыздыктан улам анын өлүмү ачык тергелбей жатканын айтты.
"Дулат жүрөк оорудан каза болду деп расмий айтышпадыбы. Мунун баары биздин мыйзамдар туура эмес иштегенинин бир көрсөткүчү. Биз акыйкат сөздү ачык айта албайбыз. Бул бизге өтө оор нерсе", - дейт Аскеров.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жарандык активисттин өлүмү боюнча кылмыш иши тергелип бүтө электе жана соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыкканга чейин эле "Мен бул ишти тыкыр иликтедим, коомдо чоң нааразычылыкты жаратты. Бирок Агадил "жүрөк оорусунан улам көз жумду" деп ишенимдүү айта алам" деп билдирүү тараткан.
Анткен менен Дулат Агадилдин сөөгү жерге берилгенден кийин соцтармакта видео тараган. Анда видеону тарткан адам маркумдун колу карарып кеткенин, эки таманында кара тактар калганын, ийнинде жана далысында жарага окшогон кара тактар калганын айткан. Кийинчерээк прокурорлор "бул тактар биологиялык өлүмдүн белгилери" деп айтышкан.
2020-жылдын май айында Нур-Султан шаардык прокуратурасы "Дулат Агадилдин иши денесинде эч кандай жаракат табылбагандыктан токтотулганын" жарыялаган.
Казакстандык айрым активисттер Дулат Агадилдин Талапкер айылындагы үйүн ашар жолу менен калыбына келтирүү демилгесин көтөрүшкөн. Бирок жергиликтүү бийлик коронавирус пандемиясынан улам бул демилгеге катышкандарга айып салып, айрым активисттер административдик жаза алышкан.
Казакстандык жарандык активист Кайыры Омар күч органдары Агадилдин жаназасына барган кишилерди да жоопко тартканын айтты.
"Дулат өлсө да бийлик үчүн кооптуу болуп жатат. Дулатты эскерүү жыйынына барган 200дөн ашык киши суракка чакырылган, камакка алынган. Ал дагы деле болсо бийлик үчүн кооптуу".
Адилеттүүлүк үчүн күрөш
Дулат Агадилди жакшы билген активисттер ал эркиндик жана акыйкаттык үчүн күрөшкөн, берешен адам болгонун “Азаттыкка” билдиришти. Жарандык активист Медет Арстан Агадилдин активдүүлүгү 2019-жылы Казакстанда аз камсыз болгон үй-бүлөнүн беш баласы өрттө каза болгондон кийин кызуу башталганын эскерди.
"2019-жылы беш бала каза болгондон кийин Дулат жумушун таштап, жарандык активдүүлүгүн көрсөтө баштады. Ал бул үчүн жумушун да таштап койгон" деди Арстан.
Ал арада ушул жылдын 11-февралында Европарламент көпчүлүк добуш менен "Казакстандагы адам укуктары жөнүндө" резолюция кабыл алды. Казакстандагы жарандык коомдун тарып баратышын, адам укуктарынын бузулушун жана шайлоодогу адилетсиздикти сындаган резолюцияны 693 депутаттын 598си колдоп, 43 гана депутат каршы болгон.
Резолюцияда Дулат Агадил, Жанболот Агадил, Аманбике Хайролла, Серик Орозов жана Гарифулла Эмбергеновдун ысымдары аталып, анда «2020-жылдын февраль-декабрь айларында Казакстанда укук коргоо жана чалгындоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин жана саясий репрессиянын натыйжасында беш оппозициялык активист өлтүрүлдү" деп жазылган.
Европарламенттин депутаттары белгилегендей, Казакстанда 26 саясий туткун бар, алардын айрымдары тергөө изоляторунда, ал эми айрымдары абакта жазасын өтөп жатышат.
"Абактарда жыл сайын жүздөгөн кыйноо жана зордук-зомбулук катталат. Жаза өтөө мекемелери жашоонун сапаты жана соттолгон адамдын укуктарын сактоо боюнча эл аралык стандарттарга жооп бербейт. Ал эми коронавирустан улам киргизилген чектөөлөр кырдаалды дагы курчутту" деп айтылат резолюцияда.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясы "текшерилбеген маалыматка жана өлкөдөгү кырдаалды бурмалоого негизделгенин, аны терс саясатчылар сунуш кылганын" билдирген.