COVID-19: Акыркы суткада илдеттен 59 адам сакайды

Иллюстрациялык сүрөт.

24-февралга карата коронавирус илдетинен 59 адам айыгып, ооруга 24 адам жаңыдан кабылганы лабораториялык жактан тастыкталды. Илдеттен көз жумгандар катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 24-февралда брифингде билдирди. Анын айтуусунда күн өткөн сайын вирусту жаңыдан жуктургандардын саны азаюуда. Акыркы суткада Бишкекте - 12 адам, Нарын облусунда - 4, Чүй жана Ош облустарында үчтөн адам, Баткен облусунда - 2 адам ооруга чалдыккан.

24-февралга карата 379 адам бейтапканада дарыланууда. Алардын ичинен 20 адамдын абалы өтө оор, 90 бейтаптын абалы оор деп бааланууда.

Кыргызстанда коронавирус алгач катталган 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө ооруга 86 025 адам чалдыгып, анын ичинен 82 938 киши сакайып чыкты. Илдеттен 1460 адам көз жумду. (ZKo)

Дагы караңыз

Жапаровдун Москва сапары: Саясат, экономика, вакцинаКумтөр боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиянын макамын өзгөртүү сунушу талкууга коюлдуПрезидент Жапаров баштаган расмий делегация иш сапар менен Орусияга жөнөп кеттиКамчы Көлбаевдин бөгөт чарасы узартылдыЖогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров мандатынан баш тарттыСириядан кайта албай жаткан келиндер маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдүБишкек-Ош жолуна түшкөн кар көчкү толук тазаланды Украина «AstraZeneca» компаниясынын вакцинасын алуудаАКШда COVID-19дун курмандыктарын эскерүү үчүн беш күнгө туулар түшүрүлдүАйтылуу классиктин арманы жана тилеги