Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:21

Сириядан кайта албай жаткан келиндер маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү


Сирия. 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Сирия. 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Сирияга кетип, мекенине кайта албай жаткан кыргызстандык аялдардын жана алардын балдарынын маселеси 24-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Эрмамат Тагаев мамлекеттен жардам сураган кайрылуулар уланып жатканын, эки жыл мурда бул боюнча өкмөткө жөнөткөн расмий катынан жыйынтык чыкпай келатканын айтты:

«Мен 2019-жылы да кайрылгам. Казакстан, коңшу мамлекеттер өз жарандарын Сириядан алып келген. Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын бир жараны алынып келинген жок. 2020-жылы алып келебиз деген сөзүн берген. Мына, 2021-жыл келип жатат, эч кандай жылыш жок».

Жыйында Кыргызстан менен Сириянын ортосунда соттолгон жарандарды бири-бирине өткөрүп берүү боюнча эл аралык келишим жок экени маалым болду.

Кыргызстандан кетип, Сирия менен Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында жүргөн кыз-келиндердин көпчүлүгү күйөөсүн ээрчип баргандар экенин 16-февралда диний радикализмди алдын алуу боюнча иштеген «Азия Групп» фондунун адиси Юлия Денисенко билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG