Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров мандатынан баш тартты

Максат Сабиров.

Жогорку Кеңештин "Республика Ата-Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабиров мандатынан баш тартты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-февралда парламенттин жалпы жыйынында билдирип, тарапташтарына ыраазычылыгын айтты жана чечимин жаштарга жол берүү ниети менен түшүндүрдү:

"Мандатымды өзүмдөн кийинки жаштарга таштап кетүүнү туура деп чечтим".

54 жаштагы Сабиров Жогорку Кеңешке депутат болуп алгач 2010-жылы "Республика" партиясы аркылуу шайланган. 2015-жылы «Республика-Ата Журттун» тизмеси менен депутат болгон. 2020-жылдагы шайлоого да "Республика" партиясынан талапкер болгон. (RK)

Дагы караңыз

Бейиштей жерден куулгандарУкраина «AstraZeneca» компаниясынын вакцинасын алуудаАКШда COVID-19дун курмандыктарын эскерүү үчүн беш күнгө туулар түшүрүлдүӨзбек президентинин жашыруун резиденциясыАрменияда оппозициянын каршылык акциясында бир нече киши кармалдыТаңкы Азаттык "Оштун казынасын көбөйткүбүз келет"