Эгемен Өзбекстандын экинчи лидери, президент Шавкат Мирзиёев кызматына киришип, ант бергенден туура эки ай өткөндөн кийин парламентке кайрылуу жасаган.
63 жаштагы саясатчы 2017-жылы 14-январда сүйлөгөн сөзүндө адам укуктарын коргоо, мамлекеттик мекемелердин ачык-айкын иштөөсүн камсыздоо, коррупция менен күрөш өңдүү түрдүү маселелерди козгогон. Муну менен бир жыл мурда көз жумган Ислам Каримовдун авторитардык башкаруу системасынан жана ыкмасынан оолак экенин көргөзүүнү көздөгөн.
Андан тышкары Мирзиёев элдин байлыгына жоопкерчиликтүү мамиле жасоо зарыл экенин белгилеген. «Мен акча санаганды жакшы билем. Мамлекеттик бюджет чексиз эмес. Андыктан акчаны конкреттүү максаттарда акыл менен коротушубуз зарыл. Ар бирибиз үчүн бул айныксыз, айдан ачык чындык. Өлкөнүн, элдин байлыгына сарамжалдуу мамиле жасалууга тийиш», - деген анда президент депутаттарга.
Бирок ошол сөзүнөн бир нече жума өтүп-өтпөй Өзбекстандын мамлекеттик компаниялары сырдуу долбоордун үстүнөн иштей баштаганы, өкмөт салык төлөөчүлөрдүн акчасын ачык жана жөндүү сарптоого канчалык дилгир экени суроо жаратат. Кеп Мирзиёев үчүн атайлап курулган тоо арасындагы эс алуу комплекси жана жасалма көл тууралуу болмокчу.
“Азаттык” радиосунун өзбек кызматы өнөктөштөрү менен дал ошол эс алуу комплексин иликтеп, биосфералык корукта жайгашкан жана жашыруун каржыланган долбоорго түздөн түз катышкан же андан кабары бар көптөгөн булактарды сөзгө тарткан. Катуу кайтарылган эс алуу жайы блокпосттор жана тикенек зым менен тосмолонгон.
Бийликтин же жумуш берүүчүнүн куугунтугунан чочулаган булактар өз ысымдарын атабоону өтүнүшкөн. Алардын айтымында, Ташкенттен 100 чакырым алыс жердеги комплексте Мирзиёев жана анын үй-бүлөсү үчүн салынган ак сарай жайгашкан.
Эки булак долбоордун баасы жүздөгөн миллион долларга жетерин айткан. Бирок ачык маалыматтарда 2019-жылы бүткөрүлгөн комплекс жана ага тушташ курулган суу сактагыч тууралуу расмий документтер жокко эсе.
Мирзиёевдин кеңсеси комментарийсиз калтырган иликтөөнүн жүрүшүндө ачыкка чыккан жагдайлар:
Журналисттер ошондой эле долбоор жөнөкөй адамдардын турмушуна терс таасир тийгизгенин, төмөн жактагы айылдарда суу тартыш болуп, аймактын бай экосистемасын коргоо менен алектенген бир үй-бүлө ал жактан көчүрүлгөнүн аныкташкан.
Ошол үй-бүлөнүн 93 жаштагы апасы 2017-жылы, президенттин парламенттеги сөзүнөн жарым жыл өткөндөн кийин депутаттарга жана Мирзиёевге кат жазып, табигый корукта башталган курулушка даттанган. Байбиче жаңы президент өзү «мыйзам үстөмдүгүнүн маанисине басым жасаганын» белгилеген.
«Эмне себептен жергиликтүү аткаминерлер ошол талаптарды аткарбай, "өз кызыкчылыгы үчүн" иш алып барышат? Эмне үчүн биздин жетекчилер жерине келип, абал менен таанышпайт?», - деп собол салган 93 жаштагы жергиликтүү тургун.