Маалымат агенттигинин жетекчиси акча талап кылганы үчүн кармалды

Алдын ала белгиленген банкноттор. Бишкек. 22-февраль, 2021-жыл. (Сүрөт УКМКга таандык).

Кыргызстандагы маалымат агенттиктеринин биринин жетекчиси М. У. К. 22-февралда 84 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

"Кармалган айым агенттиктин сайтындагы видео тасманы алып салуу үчүн акча талап кылган. Тасмада мас абалында автоунаа айдап бара жаткан адамды Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери кармап, административдик айыпка тартуу учуру тартылган", - деп жазылган.

Маалымат агентигинин жетекчиси М. У. К. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу камоочу жайына киргизилген. Иликтөө жүрүп жатат. (ZKo)

Дагы караңыз

«Бишкекке саясий эрки күчтүү депутаттар керек»Садыр Жапаров Мекенди коргоочуларды куттуктадыКыргызстан «Спутник V» вакцинасын каттадыӨкмөт ишкерлерди коргоого убада бердиCOVID-19: 23-февралда оорудан 76 адам айыктыЖүздөн ашык соодагерге Ош базарынын ичинен орун берилдиОрусиялык айдоочулардын айып пулу миллиарддап саналуудаКыргыз армиясы 139 өлкөнүн ичинен 93-орундаБишкекте эки оорукана Дүйнөлүк банктын эсебинен оңдолду Грузия парламенти Гарибашвилинин өкмөтүнө ишеним көрсөттүАКШ Палестина мамлекетин түзүүнү жактайтӨзбек жаштары атеист аталгысы келбейт