Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Орусиялык айдоочулардын айып пулу миллиарддап саналууда


Орусиядагы жол кырсыгы
Орусиядагы жол кырсыгы

Орусиядагы айдоочулардын жолдо жүрүү эрежесин бузганы үчүн чегерилген айып пулу бир жыл ичинде 11,3 миллиард рублга жетти.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги соттук приставдардын федералдык кызматына таянып кабарлады.

Орусиянын Ички иштер министрлигинде 2020-жылы 145 миллион ирет жолдо жүрүү эрежесин бузган учур катталган. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 20 пайызга жогору.

Айып пулдардын басымдуусу же 124 миллиону ылдамдыктын чегинен ашканы үчүн жазылган.

Расмий статистика боюнча, 2019-жылы Орусиядагы жол кырсыктарынан 17 миңдей адам каза болду, алардын беш миңден ашууну жөө жүргүнчүлөр.

210 миң адам жолдон жараат алган. (BCh)

XS
SM
MD
LG