Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун чечими менен аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринин, жоокерлердин күнүмдүк азыгынын нормасы көбөйтүлдү.
Өкмөттүн сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, жоокерлердин күнүмдүк тамак-аш рационуна колбаса, сыр, коюлтулган таттуу сүт жана мөмө-жемиштер киргизилди.
Премьер-министрдин бул чечими Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн жоокерлердин ден соолугун бекемдөө жана алар жеген тамак-аштын сапатын көтөрүү максатында чыгарылган.
Жоокерлердин күнүмдүк азыгынын нормасы акыркы жолу 2002-жылы көтөрүлгөн.
Өкмөт башчы бүгүн, 23-февраль Мекенди коргоочулардын күнүнүн урматына № 73809 аскер бөлүгүнө барды. Ал жерде салтанаттуу жыйынга катышып, жоокерлерди майрамы менен куттуктады. Аскер бөлүккө проектор сатып алуу үчүн 100 миң сомдук сертификат тапшырды.
Кыргызстанда 23-февраль - Мекенди коргоочулардын күнү майрам катары белгиленүүдө. Кыргызстанда Мекенди коргоочулар күнүнө байланыштуу аймактарда, күч түзүмдөрүндө ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү.
23-февраль - Совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген. Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган. 2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган.(ZKo)
Дагы караңыз
«Бишкекке саясий эрки күчтүү депутаттар керек»Садыр Жапаров Мекенди коргоочуларды куттуктадыКыргызстан «Спутник V» вакцинасын каттадыӨкмөт ишкерлерди коргоого убада бердиCOVID-19: 23-февралда оорудан 76 адам айыктыЖүздөн ашык соодагерге Ош базарынын ичинен орун берилдиОрусиялык айдоочулардын айып пулу миллиарддап саналуудаКыргыз армиясы 139 өлкөнүн ичинен 93-орундаАКШ өзөктүк келишимди "чыңдоого" умтулган чакта, Иран өз талабын күчөттүӨкмөт Матраимовдун "Эльдорадосун" калкты тейлөөчү борборго айлантат