Ошто акча талап кылган эксперт кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

18-февралда Ош облустук милициясына Араван районунун тургундары кайрылышкан. Алардын маалыматына ылайык райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери корутунду үчүн акча талап кылган. Арыздангандар "жашы жете элек кызыбыз зордукталды" деген ишенимде.

Баштапкы 1100 сомду алгандан кийин эксперт дагы 3000 сом сураган. Акчаны алуу үчүн анын таанышы келген. Акча берилгенден кийин милиция кызматкерлери экспертти таанышы менен кошо кармашкан.

Милициянын маалыматына караганда шектелип жаткан К. С. мурда да ушундай эле иши үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Кылмыш ишин тергөөдө жана соттун өкүмүн чыгарууда соттук-медициналык экспертизанын корутундусу өтө маанилүү болуп эсептелет. (ZKo)

Дагы караңыз

Нур-Султанда көп балалуу энелер митингге чыктыМьянмада аскердик бийликке каршы демонстрациялар уландыЖЭБ бир киловатт электр энергиясын 3,88 сомдон өндүрүп, элге 77 тыйындан сататУКМК кыргызстандык жарандар Тажикстанда барымтага алынды деген маалыматты төгүндөдүБаткендеги өкүлчүлүк: Чек араны бекеттерден тыш кесип өтүү - мыйзамсызСыдыков: "Токтогул" суу сактагычында суунун көлөмү 5 млрд. куб метрге чейин түшүү коркунучу бар  Суваналиев: Тажикстанда кармалып тургандарды бошотуу чарасы көрүлүп жатат Мэрия: Бишкек жолундагы кудук капкактары көп уурдалуудаАКШда коронавирустан каза болгондордун саны жарым миллионго жакындадыТоктонасыров: Митингге чыгуунун сатиралык жолун тандадым