Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Суваналиев: Тажикстанда кармалып тургандарды бошотуу чарасы көрүлүп жатат


Тажикстанда кармалган жакындарын бошотууну талап кылып келген жарандар. Баткен шаары. 22-февраль, 2021-жыл.
Тажикстанда кармалган жакындарын бошотууну талап кылып келген жарандар. Баткен шаары. 22-февраль, 2021-жыл.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев бүгүн, 22-февралда жакындары Тажикстанда кармалып турган адамдар менен жолугушту. Жолугушууда Суваналиев Тажикстанга ал жакта кармалып тургандардын жакындарын укук коргоо өкүлдөрүнүн коштоосунда жиберүүнү көздөп турганын айтты:

"Азыр Тажикстанда кыргызстандык үч жаран кармалып турганы жөнүндө маалыматым бар. Өткөн жума күндөн бери бул маселени чечүү боюнча күч кызматкерлери менен чогуу иш жүргүзүп жатабыз. Аларды "чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн" деген жүйө менен кармашыптыр. Ал эми Интернетке "кыргызстандыктарды барымтага алып кетти" деп тарап жаткан маалыматтар жалган".

Өмүрбек Суваналиев чек араны мыйзамсыз бузуп өтүүнүн айып акчасы 250-300 миң сомду түзөрүн да кошумчалады. Анын айтуусунда, өткөн жылы Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз бузуп кирген тажикстандык жарандардын төлөгөн айыптын жалпы суммасы 7 миллион сомго жеткен.

Жолугушууга өкмөт өкүлүнөн тышкары жергиликтүү күч кызматтарынын жетекчилери, Баткен районунун акими да катышты.

Бүгүн, 22-февралда Баткенде облустук акимчиликтин алдына чогулуп, түрдүү себептер менен Тажикстанда кармалып турган туугандарын бошотуп берүүгө көмөктөшүүсүн облустук бийликтен талап кылышкан. Алардын айтуусунда, "чек арадан мыйзамсыз өткөн", "аткезчилик товар ташыган" деген себеп менен жыл башынан бери жыйырмадан ашуун адам Тажикстанда камалууда. Бул маалымат расмий тастыкталган жок. (JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG