"Токтогул" суу сактагычында суунун көлөмү азайды

Токтогул ГЭСи.

"Токтогул" гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 2021-жылдын 22-февралына карата 9,897 млрд. куб. метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын сайтында кабарланды.

2020-жылдын дал ушул датасында кампадагы көрсөткүч 12,745 млрд. куб метр болгон. Былтыр Кыргызстандагы бир катар коомдук уюмдар "Токтогул" суу сактагычында суу кескин азайып кеткенин билдирип, бул кышында жарыктын өчүрүлүшүнө алып келерин эскерткен.

Уюм акыркы жылдары суу сактагычтагы суу белгисиз жагдайда агызылып келгенин, натыйжада жылына 5-10% кемип турганын билдирген.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков былтыр жайында «Биринчи радиодогу» маегинде аба ырайына байланыштуу суу сактагычтарда суу аз топтолгонун, бул алдын ала божомолдонгонун маалымдаган.

Өлкөдө бийлик алмашкандан кийин да өкмөт өкүлдөрү кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдүү пайдаланылбаса жарык маал-маалы менен өчүрүлөрүн эскертишкен. Ушул күндөрү ар кайсы жерлерде жарык өчүрүлүп жатканы кабарланууда. "Токтогул" суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу өкмөт күз-кыш айларында коңшу Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда.

Расмий маалыматтарда айтылгандай, 2017-2018-жылдары «Токтогул» ГЭСиндеги суунун көлөмү күз-кыш мезгилине 19,2-19,6 млрд. куб метр менен кирген. 2019-жылы жайда 16 млрд. куб метр суу болсо, күзгө чейин ал 17 млрд. куб метрге жеткен.

2007-2008-жылдары «Токтогулдагы» суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Суу 6 млрд. куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертишет. (TSh)

Дагы караңыз

БШК: Атазовдун мандат алышы соттун чечимине жараша болотПарламент комитети спортчу Тыныбекованын машыктыруучусуна батир берүүнү сунуштадыДепутат Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болду