Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:32

Парламент комитети спортчу Тыныбекованын машыктыруучусуна батир берүүнү сунуштады


Нурбек Изабеков балбан Айсулуу Тыныбекова менен Дүйнө чемпионатында жеңишти багындыргандан кийинки мүнөттөрдө. Нур-Султан шаары, Казакстан. 20-сентябрь, 2019-жыл.
Нурбек Изабеков балбан Айсулуу Тыныбекова менен Дүйнө чемпионатында жеңишти багындыргандан кийинки мүнөттөрдө. Нур-Султан шаары, Казакстан. 20-сентябрь, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековго батир берүүнү өкмөткө сунуштады. Депутат Байгазы Кенжебаев Изабековдун эмгегин баалоо жана башка машыктыруучуларды шыктандыруу үчүн бул сунушту колдоого чакырды.

“Мамлекет тарабынан батир маселесин чечип берсек, Нурбек Изабеков үй алган биринчи машыктыруучу болот. Бул башкаларды шыктандырат”, - деди депутат.

Комитет мүчөлөрү бул демилге боюнча каржы маселесин карап чыгууну өкмөткө тапшырды. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Нураида Анаркулова сыяктуу эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан балбан кыздарды машыктырат.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда мамлекет башчы Тыныбекованын ата-энесин жана машыктыруучусун кабыл алып, спортчу кызга үч бөлмөлүү батир берген. Ал эми машыктыруучусу Нурбек Изабеков акчалай сыйлык алган.

Айсулуу Тыныбекова - Кыргызстандын спорт тарыхында күрөш боюнча дүйнө чемпиондугун жеңген биринчи балбан жана Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери спорттун Олимпиадалык түрүнөн отузга жакын алтын байге алган алгачкы спортчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG