Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
"Бул өтө өкүнүчтүү, бирок факт. Балдардын өлүмү укук коргоо органдары үчүн чоң коңгуроо. Азыр жер-жерлерде өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлордун ишин күчөтүүнү, кошумча күчтөрдү берүүнү караштырып жатабыз. Ар бир райондогу мектептерде окуучулар менен жолугушуулар өтүп турат. Андан сырткары сахналаштырылган оюндар уюштурулууда. Бул өз кезегинде балдардын аң-сезимине таасир берип, жаман кадамдын алдын алат", -деди басма сөз катчысы.
Сталбек Усубакунов облустук милициянын башчысы Канат Жумагазиев беш райондогу, эки шаардагы ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы менен жолукканда да бул маселени көтөргөнүн кошумчалады.
Расмий маалыматтарга караганда, окуучулардын көпчүлүгү карантин учурунда өз жанына кол салганы аныкталган.
2019-жылы облуста 10 өспүрүмдүн өлүмү катталган. (KS/ZKo)
Дагы караңыз
Коронавирус дагы 44 адамдан аныкталдыПарламент комитети спортчу Тыныбекованын машыктыруучусуна батир берүүнү сунуштадыТажикстанда кармалып тургандардын жакындары митингге чыгыштыДепутат Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болдуМьянмада аскердик бийликке каршы демонстрацияда эки киши көз жумдуКриминалды бийликке аралаштырбоо аракетиЖергиликтүү кеңешти шайлоодо биринчи жолу дебаттар болотӨзбекстанда күн сайын 70 киши эмделет деп күтүлүүдөӨкмөттүн мүчөлөрүнүн милдеттери аныкталдыӨкмөт башчы Марипов ишкерлер менен тыгыз кызматташууга убада берди