COVID-19: 20-февралда 107 адам сакайды

COVID-19 вирусун аныктоочу лабораторияда. Бишкек. 2020-жыл.

Коронавируска каршы республикалык штабдын 20-февралга карата берген маалыматы боюнча акыркы суткада оорудан 107 адам айыкты.

Анын ичинен жетөө медицина кызматкери.

20-февралда эки адам коронавирустан каза тапты. Алардын бири Бишкекте, экинчиси Ысык-Көл облусунда катталды.

Акыркы суткада вирус 59 адамдан табылды.

Оору жуктургандардын басымдуусу Бишкекте – 22 адам. Чүйдө -18, Ысык-Көлдө – 9, Ош облусунда – 8, Нарын облусунда жана Ош шаарында бирден адамга коронавирус инфекциясы жуккан.

Былтыр март айынан бери Кыргызстанда ооруга 85 831 адам чалдыгып, 82 690 адам сакайды. 1452 адам каза болду.(ZKo)

Дагы караңыз

ОшТУда ректор шайлоо иши кечиктиБритан канзаадасы Гарри жана жубайы падышалык үй-бүлөнүн милдетин аткарбайтГрузияда оппозиция тарапкерлери жана полиция кагылыштыБайден: Америка дүйнөлүк аренага кайттыТүркмөн спортсмени ур-токмоктон көз жумдуАйдана Оторбаева эл аралык "Баатыр" наамын алдыСот Райымбек Матраимовду 2 айга камадыАКШ элчилиги Матраимовдун кармалышын кубаттады