Беларуста укук коргоочулардын үйлөрү, кеңселери тинтилүүдө

Тинтүү учурунда

Беларуста күч кызматкерлери бир катар укук коргоочулардын, журналисттердин жана активисттердин үйлөрүн, кеңселерин жапырт тинтип жатат.

“Азаттыктын” беларус кызматы кабарлагандай, 16-февралда таңдан тартып өлкөдөгү Журналисттер ассоциациясынын, “Весна” укук коргоо уюмунун кеңселери, Минск, Могилев, Витебск, Гомел баштаган бир нече шаардагы 25тен ашык активисттин үйлөрүндө тинтүү болгон.

Беларустун Тергөө комитети бул аракетти “протесттик ишмердикти каржылоо жагдайларын аныктоо максатында” деп түшүндүрдү.

Тинтүүгө туш болгон адамдарга буга чейин кылмыш иши козголгон эмес. Бир гана укук коргоочу Дмитрий Соловьевдин кармалганы белгилүү болду.

Беларустун Журналисттер ассоциациясынын төрагасы Андрей Бастунец күч кызматкерлери тинтүүнүн жагдайлары жөнүндө маалымат берүүгө тыюу салганын билдирди. Бул уюмдун кеңсесиндеги компьютерлерди, айрым документтерди тергөөчүлөр алып кетишкен.

Учурда четте жашап жүргөн Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская “Бул чыныгы мамлекеттик кризис, бийликти сактап калыш үчүн режим адам укугун коргоочуларга басымды күчөттү. Мындай кырдаал уланып жатканда беларустар коркунучта", -деп билдирди.

Акыркы кырдаалды Европа Кеңешинин адам укуктары боюнча комиссары Дуня Миятович айыптады.

Былтыр августтагы президенттик шайлоодо Лукашенко жеңгени жарыяланганы менен оппозиция добуш берүүнүн бурмаланганын айтып, аны тааныган эмес. Ошондон бери нааразылык акциялары уланып жатат. Анын катышуучуларына бйилик күч колдонуп, аёосуз таркатып, куугунтуктап келатат. Оппозиция өкүлдөрүнүн бир бөлүгү камалса, башкалары чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болушкан.

Дагы караңыз

Чек ара кызматы: аткезчилик менен жүк алып бараткан алты тажик жараны кармалдыБаткен акимчилиги: Тажик тарап баштаган көпүрө курулушу токтотулдуИран атомдук объекттерине МАГАТЭнин инспекторлорун киргизбей турганын эскерттиБШК: Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна 425 миллион сом сарпталатКыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматова көз жумдуКыргызстанда 2144 мектепте окуучулар класстан окуп жатат