Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:18

Чек ара кызматы: аткезчилик менен жүк алып бараткан алты тажик жараны кармалды


УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткендин Лейлек районунан чек арачылар жана атайын кызматтын өкүлдөрү Тажикстандын алты жаранын аткезчиликке шектүү катары кармаганын кабарлады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматка ылайык коңшу өлкөнүнүн алты жараны эки КамАЗ менен 338 кап селитраны тийиштүү документи жок Тажикстанга алып кетүүгө аракет кылган. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык Чек ара кызматы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке карайт. (TSh)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG